Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Кытай: Хуанпу дарыясында табылган чочколордун саны 7 жарым миңден ашты


Бейшембиде шаардыктарды таза суу менен камсыздаган бирден бир булак - Хуанпу дарыясында 900 чочконун өлүгү табылганын жергиликтүү бийликтер маалымдады.

Агын сууда табылган өлүктөр коңшу Чжецзян провинциясындагы чочко фермасынан чыккан деген божомолдор айтылууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары болсо фермерлердин бири күнөөсүн мойнуна алганын жазып чыгышты. Атайын иликтөө башталды.

Шанхайдын айлана-чөйрөнү коргоо мекемеси Хуанпу дарыясына мониторинг жасоодо. Жергиликтүү бийлик болсо сууда адамдын организмине зыяндуу эч нерсе жок деп ишендирүүдө.

XS
SM
MD
LG