Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Пакистандын өкмөтү тарыхка кирди


Пакистандын азыркы өкмөтү өлкөнүн тарыхында беш жылдык мөөнөтүн толугу менен соңуна чыгарган биринчи кабинет болуп калды. Премьер-министр Ража Первез Ашраф өкмөттүн кемчиликтерин моюнга алды, ошол эле убакта анын кызмат мөөнөтү бүткөнчө иштегенин демократиянын жеңиши деп баалады. Өлкө 1947-жылы Британиядан көз карандысыздык алгандан берки мезгилдин жарымында Пакистанды үч ирет төңкөрүш уюштурган армия башкарды.

Демократиялык шайлоодо бийликке келген азыркы өкмөт исламчыл согушкерлердин кандуу чабуулдары, мусулман фракциялары арасындагы кармаш, жаратылыш кырсыктары, энергетика менен туруктуу камсыздоонун чабалдыгы өңдөнгөн сансыз көйгөйлөр менен алышып келди. Мындан тышкары кетип жаткан өкмөттүн АКШ менен алакасы начарлады. Шайлоо 90 күндүн ичинде өтүшү керек.

XS
SM
MD
LG