Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Исхак Раззаковду эскерүү кечеси өтөт


Бүгүн Бишкекте белгилүү саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковду каза болгон күнүнө карата эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу анын атындагы коомдук фонддон кабарлашты.

Раззаковдун мемориалдык музейинде өтө турган кечеде ал тууралуу тартылган даректүү фильм көрсөтүлүп, ырлар окулат. Кечеге коомдук-саясий ишмерлер, жазуучулар, Исхак Раззаковдун шакирттери, туугандары катышат.

Исхак Раззаков 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1979-жылы Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакта калган. Маркумдун сөөгү 2000-жылы мекенине алып келинип, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө сый-урмат менен коюлган.

И. Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жарыкка келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG