Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Жер басып алгандар эркинен ажыратылат


Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүгө ылайык мындан ары Бишкекте өзүмбилемдик кылып турак жай куруп алгандар жана жер басып алгандар эркинен ажыратылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын турак жай куруу департаментинин башкы инженери Райымкул Түмөнбаев маалымат жыйынында билдирди. “Жерди күч менен же топтошуп басып алгандар 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”, - деди Түмөнбаев. Ал соңку убакта Бишкекте көчөлөрдү тарытып, өз участокторун уруксатсыз кеңейтип алгандар көбөйгөнүн кошумчалады.

Түмөнбаевдин айтымында, эки жарым айдын ичинде эле Бишкекте өзүмбилемдик кылып курулуш тургузган 18 учур катталган. (JAk)

XS
SM
MD
LG