Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Камактагы өзбек жазуучусунун мөөнөтү узартылганы жатат


Камактагы өзбек жазуучусу Мамадали Махмудовдун жаза мөөнөтү узартылганы жатат. 72 жаштагы Махмудовдун 14 жылдык жаза мөөнөтү өткөн айда бүтүп, эркиндикке чыгышы керек болчу. Бирок жазуучу бошотулбай, түрмөдөн Ташкенттеги тергөө борборуна алып келинди. Махмудовдун жубайы Гүлсара Махмудованын “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришинче, анын күйөөсүнө түрмөдө жаза өтөөдө эреже бузган деген жаңы айып коюлууда. Бул айыпка ылайык, жазуучу 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жазуучу Мамадали Махмудов президент Ислам Каримовдун узактан берки негизги каршылаштарынын бири. Ал 1991-жылы президентикке талапкерлигин коюп, бирок Өзбекстандын шайлоо комиссиясы аны каттаган эмес. 1999-жылы Мамадали Махмудов Каримовго кол салуу уюштуруп жатат деген айып менен 14 жылга кесилген.

XS
SM
MD
LG