Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Жалал-Абадда оппозиция митинги аяктап, майрам башталды


Жалал-Абад шаарындагы “Телтору” ат майданында өткөн оппозициянын жыйынында сегиз чечим-талаптан турган кайрылуу кабыл алынды. Анда эки ыңкылап максатына толук жетпей, бийлик алардан сабак алган жок деп белгиленди. Азыркы Жогорку Кеңеш өлкөгө парламенттик башкаруу орното албады деп сындалды. Өкмөт мурдагы эки бийликтин тушунда, коррупцияга, мыйзам бузууга, саясий куугунтукка, бийликтин бир колго топтолушуна жол бергендерден тазаланышы керектиги айтылды. Кумтөр маселеси чечилмейинче, башка кен байлыктарды казууга мораторий жарыялоо, камактагы “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары баштаган адамдарды боштондукка чыгаруу талабы кошулду. Талаптарды ишке ашырууну көзөмөлдөө “Эл үнү” саясий кыймылынын штабына жүктөлдү. Эгер аткарылбаса жер-жерлерде элдик бийлик орнотулары эскертилди.

Уюштуруучулар курултайга 15 миң адам келди деп билдирди. Милициянын эсебинде 6,5 миңдей адам болду. Ал эми бейтарап байкоочулар ат майданга 8-10 миңдей киши топтолгонун билдирүүдө.

Курултай бүткөндөн кийин башка аймактардан келгендер үчүн майрам уюштурулуп, боз үйлөрдө сый тамак берилип жатат. Бул курултай 2005-жылдын 24-мартындагы ынкылаптын 8 жылдыгын утрулай уюштурулган. (YA/EBM)

XS
SM
MD
LG