Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Березовскийдин үйүнөн “шектүү заттар” табылган жок


Борис Березовскийдин Беркшир графтыгындагы үйүн изилдеген химия-биологиялык жана радиоактивдүү заттар боюнча эксперттер “тынчсыздангыдай эч бир зат” табышпаганын билдиришти. Британ полициясынын маалымдашынча, эксперттер Березовскийдин өлүмүн изилдөөдө “этияттык үчүн” чакырылган эле. Владимир Путиндин кажыбаган сынчысы, 68 жаштагы Березовскийдин жасаты британ медиасынын кабарлашынча, 23-мартта Лондондун четиндеги Аскот деген жайда өзү жашаган үйдүн ваннасынан табылган. Полициянын айтышынча, маркумдун эмнеден каза тапканы азырынча белгисиз.

Березовский СССР бүлүнгөндөн кийин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү учурунда байыган орусиялык ишкерлердин олигархтар тобунун чыгаан өкүлү болчу. Ал Орусиядан 2000-жылы чыгып кетип, үч жылдан соң Британиядан саясый баш паанек алган.

XS
SM
MD
LG