Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55
Депутаттар сот залында, 29-март, 2013.
Депутаттар сот залында, 29-март, 2013.

LIVE BLOG: Депутаттарга өкүм чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы депутаттардын иши боюнча өкүм чыгарды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы үч депутаттын ишин кароону аяктоодо.

01:55 29.3.2013
3-октябрь, 2012-жыл. Бишкектеги митинг

Ала-Тоо аянтында Кумтөр кени боюнча уюштурулган митингдин арты Ак үйдүн темир тосмосун ашып өтүү менен аяктады. Бул иш боюнча “Ата Журт” фракциясынын үч депутаты: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовго, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевге, ошондой эле депутат Ташиевдин үч жардамчысы айып тагылды. Алар Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп, кылмыш иши козголду.

Митингчилер Ак үйдүн короосуна кирип барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:32 0:00
01:57 29.3.2013
24.01.2013 Үч депутат биринчи ирет кылмыш иши боюнча өз ойлорун айтты

3-октябрдан бери камакка отурган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов күнөөлөрү жоктугун, анткени кылмыш ишинде белгиленгендей бийликти басып алууга аракет кылышпаганын айтууда.

Камактагы депутаттарга сөз берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00
02:06 29.3.2013
28.03.2013 Президент Атамбаев: Соттун чечимин күтөлү

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барганда облустук акимчилик алдына чогулган камактагы депутаттардын тарапкерлери менен жолугушкан. Чогулгандар үч депутат саясий куугунтукка кабылганын айтышып, аларды бошотууну талап кылышкан. Мамлекет башчы болсо жактоочуларды сот чечимин күтүүгө чакырган.

Атамбаев: Соттун чечимин күтөлү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00
11:04 29.3.2013
“Ата-Журт” партияснын лидери Камчыбек Ташиев акыркы сөзүндө өзүнө коюлган күнөөлөрдү саясий куугунтук деп атап, тергөө үстүртөн жүргүзүлгөн деп билдирди. Ал коюлган айыптарды далилсиз жалган жалаа деп эсептээрин, аны коркутам дегендер кези келгенде жазасын аларын айтты.

Ушул тапта сот жараяны өтүп жаткан Биринчи май райондук сотунун алдында депутаттардын жактоочулары топтолуп турушат. Журналисттердин көбү кире албай жатканын “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Өткөн жылдын 3-октябрында аталган депутаттар Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, бирок ал башаламандык менен коштолгон. Митинг “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарынын Ак үйдүн темир тостомун ашып өтүүсү менен аяктаган. Азыр "Ата Журттун" лидерлери абакта отурат. Депутаттарга бүгүн өкүм чыгаары күтүлүүдө

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG