Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Апрел соту кайрадан жанданды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады. Анын айтымында, бүгүнкү соттук териштирүүдө жабырлануучулардын көрсөтмө берүүсү уланат. Өткөн жумада ишти карап жаткан Бишкек аскер гарнизондук сотунун судьясы Дамир Оңолбековдун ооруп калганына байланыштуу жараян белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

2010-жылы 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген жана аны аткарган деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге тагылган. Анын ичинен мурдагы президент Бакиев баш болгон жети айыпталуучу Кыргызстанда болбогондуктан, сырттан соттолууда. Ушул тапта камакта мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Нурлан Темирбаев кармалууда, калгандары үй камагында. Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG