Марк Цукерберг миграциялык саясатты жөндөй турган Fwd.us деген топ түзөөрүн жарыялады. Аталган топ билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана илимий изилдөөлөргө инвестицияны көбөйтүүнү көздөйт. Бул жүнүндө Цукерберг The Washington Post гезитине жазган макаласында сөз кылат.
Топту түзүүгө жогорку технология жаатында иштеген башка компаниялар дагы катышат. “Эмигранттар түптөгөн өлкөдө иммиграция саясаты талапка жооп бербейт” деп жазган Цукерберг АКШга таланттуу жана эмгекчил адамдарды дүйнөнүн ар кайсы тарабынан тартуу идеясын айтат.