Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Күч органдары ортосундагы чырды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү


Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев күч түзүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Анда өкмөт башчы укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшпөстөн өз ара тирешкенин сынга алды. Жыйын соңунда бул окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, ага укуктук баа берүү тапшырылды.

Бишкекте 12-апрелдин кечинде УКМК менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Расмий маалыматтарга ылайык, атылган октон бир милиционер жараат алып, УКМКнын кызматкерлери ур-токмокко алынган. Окуянын чыгышына эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG