Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:28

Президент Обамага жөнөтүлгөн каттан “шектүү зат” табылды


АКШнын Жашыруун кызматынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, президент Барак Обамага жөнөтүлгөн “шектүү заты” бар кат Ак Үйдүн келген каттарды текшерип өткөрүүчү жайынан табылды.

Мындан мурдараак ушул эле күнү уулуу рицин деген зат салынган кат Миссисипи штатынан шайланган сенатор Роджер Уикерге жөнөтүлгөн эле.

Жашыруун кызматтын өкүлү Эдвин Доновандын айтымында, кат кайдан келгенин аныктоо үчүн ФБР менен полиция тыгыз иштешип жатат.

Шектүү зат салынган каттар дүйшөмбү күнү Бостон шаарындагы марафондогу жарылуудан үч адам өлүп, 170тен ашуун киши жаракат алгандан кийин табылып жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG