Ушу тапта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Камчы Көлбаевдин үстүнөн соттук териштирүү өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, Көлбаевдин адвокаты сот жабык өтүшүн судьядан өтүндү. Бирок судья бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.
Кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бири деп саналган Көлбаев Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча, анын ичинде кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган деп айыпталууда.
АКШ наркобарондордун кара тизмесине киргизген Көлбаев былтыр декабрдын башында Бириккен Араб Эмираттарынан келгенден кийин камакка алынган. (BkA/RK)