Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Бишкекте TEDx конференциясы өтүүдө


Бишкекте ийгиликтүү деп эсептелгендер өзүнүн идеялары, тажрыйбалары менен бөлүшкөн TEDx конференциясы өтүп жатат. Жылына бир жолу уюштурулган бул иш чарада бул жолу блоггер Бектур Искендер, финансист Расул Кадыралиев, антрополог Эмил Насритдинов жана башкалар чыгып сүйлөп жатышат.

“Чоң бир идея” деп аталган конференцияда өз тармагында ийгиликтүү иштеп жаткандар кайсы идеясы менен кыйынчылыктан чыкканын, же кандай идеясы менен жаңылык жасаганын айтып берүүдө. Айрымдары бизнесте жетишкен ийгиликтери тууралуу, айрымдары күнүмдүк турмушундагы сабак болчу окуяларды, башкалары коомдогу өзгөрүүлөрдү айтып берүүдө дейт иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Мирбек Токтогараев. (AKu)

XS
SM
MD
LG