Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Москвада Сатыбалдиев бүгүн Сечин менен жолугат


Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн эки күндүк жумушчу сапар менен Москвага барды. Орусиядагы кабарчыбыз Замира Кожобаеванын маалымдашынча, ал бүгүн “Роснефть” компаниясынын жетекчиси Игорь Сечин менен жолугат. Ошондой эле жумушчу сапардын алкагында бүгүн эки өлкөнүн ишкерлер кеңешинин экинчи биргелешкен жыйыны өтөт. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия жыйынга чогулат. Соңунда бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Жантөрө Сатыбалдиев эртең орус премьери Дмитрий Медведев баштаган өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин башчылары менен жолугушаары белгиленген. Алдын ала маалыматка ылайык, анда “Кыргызгазды” Орусияга сатуу жана ГЭСтердин курулушуна байланыштуу сөз болмокчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG