Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Ысыккөлдүк студент Ломоносов стипендиясын алат


Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун 4-курсунун студенти Бегимай Осмоналиева гуманитардык илим боюнча М.В. Ломоносов атындагы сыйлыкты утуп алды.

Бул стипендияны алган студент февралдан июнга чейин айына 100 доллар алып турат.

“Мени окуу жайдан сунушташкан. "Орус тил менин жашоомдо" деген темада 5 барактан турган дил баян жаздым. Андан тышкары окуудагы жетишкендиктеримди, баалардын тизмесин жөнөткөм. Сынак мурдагы Союзга кирген өлкөлөрдө орус тилин өнүктүрүү максатын көздөдү. Мен аз да болсо орус тилинин өнүгүүсүнө салымымды кошо алганыма кубанам”.

Кыргызстан боюнча Ломоносов, Плевако, Менделеев сыйлыктарына 200 киши көрсөтүлүп, алардын ичинен 30 студент ушул стипендияларга ээ болушту. (MK)

XS
SM
MD
LG