Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:30

Алматылыктар аялдардын пенсия жашын көтөрүүгө каршы митингге чыгышат


Казакстанда аялдардын пенсияга чыгуу курагын жогорулатууга каршы нааразылык акциясы пландалууда. Бир нече коомдук уюмдар 27-апрелде Алматыда аялдардын азыркыдай 58 эмес, 63 жаштан баштап, эмгек эс алуусуна чыгышын караган мыйзам долбооруна каршы жүрүш уюштурушууда. Уюштуруучулар финансылык туруктуулук жана экономикалык өсүш маселелерин аялдардын эксплуатациясы аркылуу чечүүдөн баш тартууну талап кылышууда. Бул мыйзам келерки айда Сенатта каралууга тийиш. (JC)
XS
SM
MD
LG