Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Кара-Жыгач почтасы жөлөк пулду бербей келген


Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Чүй облусунун Аламедин районуна караштуу Кара-Жыгач айылында 13 жаранга 3 жылдан бери жөлөк пул төлөнбөй келген. Бул окуя боюнча Аламедин райондук прокуратурасы Кылмыш кодексинин 3 беренесине ылайык кылмыш ишин ачты.

Прокуратура жөлөк пулун алалбай келген бир жаран арыз менен кайрылгандан кийин 13 жаранга жөлөк пулу, компенсациялары берилбей келгенин ашкереледи. Алардын жалпы суммасы 178 миң сомду түзөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG