Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Барак Обаманы уулантмак болгон адамга айып тагылды


АКШ бийликтери Миссисипи штатынын жашоочусуна уулуу рицин затын даярдаган жана жашыруун сактаган деген айып такты. Еверетт Дахски президент Барак Обамага жана эки саясатчыга жөнөтүлгөн ууланган кат боюнча тергөөнүн жүрүшүндө ишемби күнү камакка алынды.

8- апрелде Обамага, сенатор Роджер Уикерге жана Миссисипи штатынын соту, 80 жаштагы Сэди Холландга жөнөтүлгөн каттарды текшерип жатканда, алар рицин менен ууланганы аныкталган.

41 жаштагы Дахскинин иши Миссисипинин Оксфорд округдук сотунда дүйшөмбү күнү карала баштайт деп боолгонууда. Аны сот өмүр бою эркинен ажыраташы мүмкүн. Айыпкердин адвокаты азырынча комментарий берүүдөн баш тартууда.

XS
SM
MD
LG