Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Ташбаев менен Рахмановдун соту башталат


Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту бүгүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку жетекчиси Учкунбек Ташбаев менен Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин мурдагы башчысы Пайзуллабек Рахмановдун ишин өз-өзүнчө карай баштайт. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” маалымдады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Учкунбек Ташбаевди өткөн жылдын ноябрь айында камакка алган. Ал «кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, лицензия берүүдө кызматынан аша чапкан" деп айыпталып жатат.

Пайзуллабек Рахмановго мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Бишкекте Свердлов районунун акими, Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин жетекчиси болуп иштеп турганда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген” деген күнөө коюлган.

“Ак жол” партиясынын мүчөсү Рахманов 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин сыртка чыгып кеткен. Жаңы бийлик ага эл аралык издөө жарыялап, 2012-жылдын 15-июнунда Казакстандын Жамбыл облусунан кармалган. Жанынан Беларустун жараны Пазыл Ташбаев деген жасалма документ табылган. Рахманов Казакстандан Кыргызстанга 29-январда алынып келген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG