Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

“Манас” аба майданында хаб куруу маселелери талкууланат


Бишкекте бүгүн “Манас” аба майданында АКШнын базасы кеткенден кийинки абал жана анда хаб куруу боюнча талкуу өтөт. Ага өкмөт мүчөлөрү, президенттин аппаратынын, эл аралык уюмдардын жана ишкерлик коомчулуктун өкүлдөрү катышмакчы.

АКШ бийлиги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев базанын ордуна транспорттук түйүн, башкача айтканда хаб түзүүнү сунуштаган. Эгерде хаб түзүлсө, АКШ Ооганстандагы аскерлерин Бишкектеги түйүн аркылуу киргизип-чыгарууга укугу бар, бирок аскерий эч нерсе болбойт жана азыркыдай дипломатиялык статустан ажырайт.

“Манаста” эл аралык хаб курууга катышууга Орусия менен Түркия кызыгуусун билдирген.

“Манас” аба майдандын жетекчилиги АКШнын базасы кетсе кирешеси кескин азаярын билдирген болчу. Ага ылайык, 2013-жылы киреше 40 пайызга, тактап айтканда 655 миллион сомго аз болот деп болжолдонуп жатат. Быйыл жыл башынан бери коалициялык күчтөргө таандык учак, тик учактардын чартердик каттамдары 31 пайызга азайды. (EBM)

XS
SM
MD
LG