Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Бийик тоолуу айылдардын тизмеси кайрадан түзүлөт


Бул үчүн өкмөттө мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Аны вице-премьер-министр Камила Талиева жетектейт.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурдагы бийик тоолуу айылдардын тизмесине айрым жетекчилердин кийлигишүүсү менен мындай шартка жооп бербеген бир катар айылдар кирип калган. Мындан улам өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул тизмени кайра карап чыгып, жаңыдан иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Кыргызстанда бийик тоолуу аймакка кирген айыл тургундарына бир катар социалдык жеңилдиктер каралган.(BkA)

XS
SM
MD
LG