Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Жети-Өгүз жаштары Барскоон-Кумтөр жолун тосуу акциясына каршы


Бүгүн Жети-Өгүз районунун айрым активист жаштары Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, 13-майда оппозициялык күчтөрдүн акциясында Кумтөр-Барскоон жолунун тосулушуна каршы экенин билдиришти.

Жергиликтүү эл учурда жазгы талаа иштери менен алектенип, туристтик сезонго даярданып жатканын айтып, жолду буумай айрым саясатчылардын гана кызыкчылыгы деп белгилешти. Кумтөр боюнча өкмөт кенди иштеткен компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир бүтүм чыгарылгандан кийин гана андан аркы кадамдарды аныкташарын кошумчалашты.

Буга чейин оппозициялык күчтөр Барскоондо нааразылык акция уюштурары, анда жол тосулары тууралуу маалымдалып жаткан болчу.

“Эл үнү” оппозициялык кыймылы 24-апрелде Кумтөр маселелери боюнча Бишкекте нааразылык акция өткөргөн. Анда акциянын уюштуруучулары бийлик аянтка чогулгандардын үнүн укпай койгонун, эми жер-жерлерде иштеп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдиришкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG