52 жаштагы огайолук айдоочу Ариел Кастро бүгүнкү сотто ырайым сурап кайрылган жок. Судья азыр ал жети башка айып боюнча күнөөлөнүп жатканын, күрөө акча менен чыгам десе, ар бир айып боюнча 2 млн. доллар төлөшү керектигин айтты. Мындай талап Кастронун түрмөдөн чыгыш мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарат.
Үч аял ушул дүйшөмбүдө алардын бири жардам сурап кыйкырып, полицияны чакыра алганда табылган. Алар - 2002-жылы жана 2004-жылы жоголгондор.
Полициянын айтымында, аялдарды ал киши чынжыр менен байлап, такай сексуалдык жана психологиялык басым астында кармап турган. Алардын бири барымта учурунда кыздуу болгону аныкталды.