Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Алайда жер көчтү


Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Ош облусундагы Алай районуна караштуу Кайнама айылында 9-майда күндүзгү саат 11лер чамасында туурасы 100, узундугу 150 метр болгон жер көчкөн. Кырсык болгон жерден 300 метр ары жакта 21 кожолук (81) адам жашайт.

Чукул кырдаалдар министрлиги 2004-жылы бул жерде жашагандар коопсуз жерге көчүрүлүүгө тийиш деген кортунду чыгарган. Кожолукта жашагандар өкмөттөн ссуда алып, Кара-Суу районунун Кызыл-Тал айылына көчүрүлгөнү менен кайра эле мурунку жашаган жерине келип алган. Аталган министрликтин ыкчам тобу жер көчкөн айылга жөнөп кетти. (EBM)

XS
SM
MD
LG