Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Кыргызстанда 1 жумуш ордуна 13 талапкер туура келет


Мындай маалымат 2012-жыл боюнча өкмөттүн Жогорку Кеңешке берген отчетунда айтылат. Бул көрсөткүч жумуш менен камсыз кылчу кызматтарга кайрылган жумуш издегендер менен жумуш бергендердин арасындагы катыш аркылуу чыгарылды. Ага ылайык, мындай кызматтарга 142 миң 800 адам иш издеп кайрылган. Ошол эле учурда 54 миңге жакын жумуш орду болсо, анын 7 миңден ашуунуна бир да талапкер барган эмес.

Кыргызстанда жумушсуз катары расмий катталгандар 60 миң 400 адам, алардын 43,1 пайызы жаштар. Жумушсуздардын саны 2012-жылы 2011-жылдагы көрсөткүчтөй эле калган. (AKu)

XS
SM
MD
LG