Оклахома штатындагы куюнда жараат алган 150дөй адам ооруканага жаткырылды. Дүйшөмбү күнкү ылдамдыгы саатына 320 километрге чейин жеткен куюндан Оклахома шаарынын четиндеги Мур шаарчасы катуу жабыркады. Торнадо көптөгөн имараттарды кыйратып, машинелерди аңтарып салды. Курман болгондордун жыйырмасы жаш балдар. Рикки Стовер деген жарандын айтымында:
-Биз "өлдүк" деп ойлогонбуз. Себеби, биз куюн келатканын көрүп, үйдүн жертөлөсүнө жашынганбыз. Торнадонун үнү күчөп, эшиктин илгичи ачылып, айнектин сыныгы жана урандылар биздин үстүбүзгө куюла баштады. Чынын айтсам, биз эми өлдүк деп ойлодук.
Президент Обама табигый апаат болгон жерлерди жабыр тарткан аймак деп жарыялады.