Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымдашынча, 25-май күнү мектептерде “Акыркы коңгуроо” майрамына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары күчөйт. Ошол күнү 800 милиция кызматкери тартылат.
Милициянын билдиришинче, Билим берүү министрлиги жана Шаардык билим берүү башкармалыгы жаратылышта, ресторан-кафе өңдүү жайларда салтанат өткөрүүгө тыюу салган. Майрам белгиленип жатканда бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна жана өмүрүнө жоопкерчиликти ата-энелер алаары эскертилген.
Быйыл Бишкекте 9-классты 9 миңден ашык, ал эми 11-классты 4,5 миңдей бала аяктап жатат. (EBM)