Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Лондондо террорчулар аскерди бычактап өлтүрдү


Улуу Британиянын баш калаасы Лондондо үрөй учурган адам өлтүрүү катталды. Күбөлөрдүн айтымында, шаардагы көчөлөрдүн биринде куралчан эки адам аскер кызматкерине кол салып, аны бычактап өлтүрүшкөн. Андан соң көчөдөн өтүп жаткандарга өздөрүн сүрөткө жана тасмага тарткыла деп кыйкырышкан.

ITV каналы кылмышка шектүүлөрдүн “Аллах үчүн ант берем, силер менен күрөштү токтотпойбуз” деп кыйкырган тасмасын көрсөттү. Полиция кылмышка шектүүлөргө ок чыгарып, жарадар кылды. Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон чак түштөгү кол салууну “үрөй учурган кылмыш” деп атап, теракт катары баалоого болорун билдирди. АКШ болсо кол салууну айыптап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG