Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Украинада сексуалдык азчылыктардын маршы өттү


Полиция маршка тоскоолдук кылам дегендерди кармап кетти, 25-май, 2013
Полиция маршка тоскоолдук кылам дегендерди кармап кетти, 25-май, 2013
Бүгүн Киевде бийликтин тыюу салганына карабай, гейлердин 50дөй активисти жөө жүрүшкө чыкты. “Азаттыктын” украин редакциясынан кабарлашкандай, бир саатка созулган жүрүшкө полициянын жоон тобу көз салып турду. Кумсалар көтөргөн баракчаларды айрып, маршты бузганга аракет кылган 10 адам камакка алынды. Алар ушул күнү жөө жүрүшкө каршы митингге чыккан 100дөй адамдын арасында жүргөндөр эле.

Гей-маршты уюштургандардын бири Владимир алар “Украинада кумсаларга каршы дискриминацияга нааразылык билдириш үчүн чыгышканын” айтты.

Украин бийликтери гей парад жалпы коопсуздукка коркунуч келтирет деген негизде аны өткөрүүгө тыюу салышкан. Былтыр кумсалардын активисттери ушундай эле жүрүштү скинхеддер да митингге чогулгандыктан өткөрбөй калышкан болчу.

Украина 1990-жылдардын башында гомосексуализм үчүн кылмыш жазаны алып салганына карабай, башка постсоветтик өлкөлөрдөй эле, бул жерде да кумсаларга каршы жек көрүү коомдо жогору бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG