Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

ӨКМ: Кой кырылган жер кооптуу экени мурда эскертилген


Жалал-Абадда кой кырылган жер кооптуу экени тууралуу эскертме тиешелүү мекемелерге алдын ала берилген, бирок көңүл бурулган эмес. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, "кырылган кой көмүлгөн эмес, болгон окуяга ӨКМ күнөөлүү" деген сөздөр эч негизсиз.

Бекилов кырылган мал талапка ылайык көмүлгөнүн, ар бир мекеме өзүнө бөлүнгөн жерди сактоого, кароого милдеттүү экенин кошумчалады.

Быйыл 12-майда жана 24-майда Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасына караштуу Ак-Чабыр жайытындагы уулуу зат көмүлгөн жерге жайылгандан кийин 152 кой-козу кырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG