Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Сирия боюнча АКШ менен Орусиянын пикири дагы кайчы


Вашингтон Евробиримдик тарабынан Сирия оппозициясына карата курал эмбаргосу жоюлушун колдоду. Ак үйдүн өкүлү Жей Карни чечимди кубаттады, бирок АКШ бийлигинин сириялык оппозицияны куралдандыруу максаты жок экенин белгиледи. Ал ошондой эле Орусиянын Асаддын бийлигин курал менен камсыз кылуусун сынга алды.

Расмий Москва болсо Евробиримдиктин курал эмбаргосун жойгон чечимин сындап, бул эл аралык нормаларга каршы турат деп билдирген эле. Ошол эле учурда Орусия Сирия бийлигине С-300 ракеталарын берүү ниетин билдирип, бул Сирия чатагына айрым чет мамлекеттердин кийлигишүүсүн алдын алат деп белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG