Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Парламентте "Ата Мекен" - Рысалиев тирешүүсү күч алды


Ушу тапта парламентте Батукаев боюнча маселе талкууланып, "Ата-Мекен" партиясынын депутаттары менен Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин ортосунда чыр чыкты.

Баш прокурор Аида Салянова Зарылбек Рысалиев өлкө жетекчилигине "атамекенчилердин" апрел окуясы учурунда бир катар кылмыштарга, жада калса адам өлтүрүүгө тиешеси бар деп рапорт жазып кайрылганын билдирди.

- Мен бул ишти Жаза аткаруу кызматынын өзүнө тергөөгө жөнөттүм. Себеби Рысалиев бир нече жолу "эгер мен болсом, өзүм таап коймокмун" деп айтканы бар. Адам жоопкерчиликти да сезе билиши керек, ошондуктан, ушу кишини өзүнө тергөөгө берүүнү туура көрдүм", - деди Салянова.

"Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев эгер Рысалиевдин айыптоолору далилденген болсо ал депутаттык кол тийбестигинен баш тартып, жоопко тартылууга даяр экенин билдирди.

- Эгер Зарылбек далилдей алса, менин кол тийбестигимди бир добуштан алгыла. А эгер таппасаң, шоруң өзүңдө!, - деп кайрылды Текебаев Рысалиевге.

Бүгүн парламент "мыйзамдагы ууру" делген Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн эрте бошонуп, өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу ишти териштирип жатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG