Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Балдарга карата зомбулукка каршы флэш-моб өттү


Бүгүн Бишкекте балдарга карата зордук-зомбулукка каршы флэш-моб өттү. Кабарчыбыздын айтымында, 50дөй жарандык активист Жогорку Кеңеш алдына чыгып, 1-июн - Балдар күнүнө карата майрамдык оюн-зоок иш-чаралар менен гана чектелбестен, балдар коргоого муктаж болуп жатканына көңүл бурууга чакырды. Балдарга карата зордук-зомбулук тууралуу унчукпай жатып албастан, ачык айтуу керектигин алар ооздорун скотч менен чаптап алуу аркылуу жеткирүүгө аракет жасашты.

Түрдүү себептер менен зомбулукка, зордуктоого кабылган балдардын окуясы жазылган атайын баракчалар парламент жанындагы бакчанын ичиндеги талдарга илинди.

Ички иштер министрлигинин жана балдар укугун коргоочулардын айтымында, соңку мезгилде Кыргызстанда балдарды кордоп, уруп-сабап, зордуктаган учурлар көп каттала баштады. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG