Кыргызстандык опера ырчысы Жеңишбек Ысманов Италиянын Верона шаарындагы белгилүү Arena di Verona ачык сахнасына чыгып ырдаганы жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысмановдун туугандары кабарлады.
Буга чейин бир да кыргызстандык бул театрда чыгып ырдаган эмес. Концерт 1-июнда өтөт. Анда Ысманов көрүүчүлөргө дүйнөлүк классикага айланган 'O sole mio аттуу чыгарманы тартуулаганы жатат.
Тенор үндүү ырчы Жеңишбек Ысманов Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. Ал 2000-жылы орто мектепти аяктап, Улуттук филармониянын эки жылдык студиясында, кийин Улуттук консерваторияда билим алган. Төрт жылдан бери Италияда. (RK)