Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Кумтөргө каршы митингчилер ишкананы электрден ажыратууну чечти


Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимдин жокко чыгарылышын жана Жети-Өгүз районунда бир катар социалдык долбоордун ишке ашырылышын талап кылган митингчилер ушу тапта Тамга айылына жөнөп баратат. Окуя болуп жаткан жерден "Азаттыктын" кабарчысынын билдиргенине караганда, үч күндөн бери Барскоон айылында Кумтөр тарапка кетчү жолдуу бууп турган митингчилер менен бүгүн экономика министри Темир Сариев жолукту. Бирок анын баардык суроолорго жооптор сентябрда белгилүү болот дегени нааразылык акциясынын катышуучуларын ынандырган жок. Ошол себептен алар Кумтөр ишканасынын Тамга айылында жайгашкан электр жабдуусун кол менен өчүрүп таштайбыз деп жолдо баратат. Жергиликтүү тартип коргоо органдары ал жабдууну кайтарууну күчөттү. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG