Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:19

Ош базарында өрт чыкты


Бүгүн кечке маал Бишкектеги Ош базарынын батыш тарабындагы контейнерлерде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өрт самын, кир жуучу каражаттарын саткан контейнерден чыккан. Учурда өрт өчүргүчтөрдүн алты бригадасы тилсиз жоону өчүрүп жатышат. Алдын-ала маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келген жок. Өрттүн себеби жана кесепетинен келтирилген чыгым кийинчерээк белгилүү болмокчу.(BkA)
XS
SM
MD
LG