Стокгольм эл аралык тынчтык институту өз изилдөөсүнө таянып былтыр Кытай, Индия жана Пакистан өзөктүк куралдарын көбөйткөнүн жарыялады. Аталган институттун баяндамасына караганда, Кытайда учурда 250гө жакын өзөктүк курал бар. Бул 2012-жылга караганда 10го көп. Ал эми Индия да андай куралынын санын 10го көбөйтүп, 110го жеткирсе, Пакистан армиясы да былтыркы жылы ушундай эле санда көбөйтүп, өзөктүк куралдын санын 120га жеткирген. Баяндамага ылайык, өткөн жылы АКШ менен Орусия өзөктүк курал-жарагын азайткан. Эки өлкө ортосунда түзүлгөн өзөктүк куралды кыскартуу боюнча келишимдин негизинде Орусия 11000ден 8500гө түшүрсө, АКШ 8000ден 7700 чейин азайткан.