Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05
Тосулган жол, 4-июнь, 2013.
Тосулган жол, 4-июнь, 2013.

LIVE BLOG: Жол тосулган жерде...

Жалал-Абаддын Барпы айыл өкмөтүндө 2-июндан бери тосулган Бишкек-Ош жолу ачылды.

12:37 5.6.2013
Сатыбалдиев митингчилерди мыйзамды сыйлоого чакырды

Азыр өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад облустук акимчиликтин короосунда нааразылык акцияга чыккандар менен жолугуп жатат. Анда кан жолду бууган туура эмес болгонун, Медербек Үсөновду бошотуу талабы аткарылганын айтты. Облустук акимчиликтин имаратын бошотууга, мамлекеттик менчиктерге аяр мамиле жасоого чакырды. Эгер бошотулбаса, мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет деп билдирди.

Камактагы үч депутаттын ишин сот карап жатканын, сотко таасир эте албай турганын белгиледи. Сатыбалдиев сүйлөп жатканда митингге чогулгандардын айрымдары каяша айтып турду. (EBM/YA)
12:33 5.6.2013
12:33 5.6.2013
12:30 5.6.2013
Жалал-Абад: Сатыбалдиев митингчилер менен жолугууда

Аймактагы кабарчыбыз Ырыспай Абдраимовдун билдиришинче, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ушул тушта Жалал-Абад облустук акимчиликтин короосунда нааразылык акцияга чыккандар менен жолугууда. Имаратта губернатор отурган кабинетти 31-майдан бери ээлеп отургандар бошото элек. (YA/EBM)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG