Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Медер Үсөновдун адвокатын жолугушууга киргизбей коюшту


Бул тууралуу адвокат Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” билдирди. Адвокат бүгүн күтүлүп жаткан сот жараянына да катыша албай калуу коркунучу бар экенин кошумчалады. Сартбай Жайчыбеков кечээ Үсөнов менен жолугушууга бир нече сааттап күтүп туруп, араң кирген.

Айрым маалыматтарга ылайык, Медер Үсөнов менен жолугууга дагы бир адвокаты Искендер Журабаев киргизилген. Бүгүн түштөн кийин Биринчи Май райондук соту Медер Үсөновдун баш коргоо чарасын карашы күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG