Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Жалал-Абад: айрым журналисттердин иштөөсүнө тоскоолдук болууда


Жол тоскондор ЭлТР коомдук телеканалынын Жалал-Абад облусундагы кабарчысы менен операторун ал жердеги кырдаалды тартууга бүгүн уруксат беришкен жок. Бул тууралуу аталган телеканалдын кабарчысы Кыял Сабирахунова маалымдады.

Кабарчынын айтымында, жол тоскондор муну өкмөттүк телеканалга ишенбестиги менен түшүндүргөн. Оператор экөөнүн беделине шек келтирген сөздөрдү жаадырышып, тезинен кетишпесе жол тоскон аялдарга жулмалатарын айтып коркутушкан. “Биз өкмөттүк телеканалда иштесек да кечээ тең салмактуу тасмаларды тартып, ЭлТРден көрсөткөнүбүздү эске алышпады",-дейт Кыял Сабирахунова.

Ал эми жол тоскондордун өкүлү Шайырбек Ташиев андай окуя болбогондугун билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG