Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Түркияда активисттер өкмөт кетишин талап кылды


Түркияда активисттер демонстранттарга күч колдонууга буйрук берген өкмөттүк кызматкерлерди кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Стамбулдун Таксим аянтында үй салууга тынчтык жол менен каршылык көрсөтүүнүн демилгечиси болгон "Таксим боордоштук" тобу бүгүн Анкарада премьер-министрдин орун басары Бүлент Аринж менен жолугушту.

Тынчтык демонстрацияларына полиция күч колдонгондон кийин Стамбул, Анкара жана башка шаарларда ири толкундоолор бир нече күндөн бери уланды. Натыйжада эки кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн киши жараат алды. Активисттер Бүлент Аринжден жергиликтүү бийлик башчыларын кызматтан алууну, Таксим аянтындагы курулуш пландарынан баш тартууну жана камактагы демонстранттарды бошотууну талап кылышты.

Таксим Боордоштук уюмунун мүчөсү Эюп Мухчу мындай дейт:

- Миңдеген кишинин жараат алышына, айрымдардын өлүмүнө себеп болгон коопсуздук күчтөрү, анын ичинде Хатай, Анкара, Стамбул шаарларында акимдер жана полиция башчылары иштен кетиши керек. Түтүн гранаталарына тыюу салынсын. Өлкө боюнча камакка алынган демонстранттар айып коюусуз бошотулсун.

Ал арада кесиптик кошуундардын миңдеген мүчөлөрү бүгүн түштөн кийин Таксим аянтында чогулуп, өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын жана анын исламчыл өкмөтүнүн отставкасын талап кылышты.

Акцияга мектеп окуучулары, дарыгерлер, банк кызматкерлери жана башка кесиптик кошуун мүчөлөрү катышып, бул кошуундардын ак-кызыл байрактарын булгалашты.

XS
SM
MD
LG