Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Саясатчылар, эксперттер өлкөдөгү кырдаалды талкуулайт


Эртең, 7-июнда Бишкекте “Достук” мейманканасында саясатчылар, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү өлкөдөгү азыркы кырдаал жана андан чыгуу жолдорун талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Акыйкат” партиясынын лидери, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов маалымдады. Анын айтымында, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Нарындагы маселелер толугу менен чечилген жок, мунун натыйжасында кайра толкундоолор чыгышы ыктымал.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңешке барып өлкөдөгү коомдук-саясий абал тууралуу маалымат бергени жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG