Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Сатыбалдиев: Медербек Үсөновду бошоттурууга аргасыз болдум


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жана айрым депутаттардын өтүнүчү боюнча Медербек Үсөновду бошоттурууга аргасыз болгонун айтты. Бирок Ош-Бишкек жолунун буулушу боюнча кылмыш иш козголгонун, учурда тергөө тобу иштеп жатканын, анын корутундусу менен бул нааразылык акцияны уюштургандар жазаланарын айтты. Азыр камактагы “Ата Журт” фракциясынын депутаттарын бошотуу талабы коюлуп жатканын, эгер кайра жол тосуу башталса, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

“Республика” фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов Медербек Үсөнов менен камактагы “Ата Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевге бирдей берене менен айып коюлганын белгилеп, бирок Үсөновдун эле бошотулганын айтып, өкмөт башчынын аракетин сынга алды. (EBM)

XS
SM
MD
LG