Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

“Ата-Журттун” депутаттарынын соту уланат


Бүгүн Бишкек шаардык сотунда бийликти басып алууга аракет кылган деп соттолгон “Ата-Журт” партиясынан депутаттар: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун үстүнөн сот жараяны уланат.

Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта бийликти басып алууга аракет кылган деген берене боюнча Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытов менен Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга эркинен ажыраткан. Эл өкүлдөрүнүн адвокаттары сот өкүмүнө макул болбой, экинчи баскычтагы шаардык сотко арыз менен кайрылышкан.

Өткөн жылдын 3-октябрында Кумтөр боюнча нааразылык акциясында Ташиев баштаган жоон топ адам Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн.

31-майдан тарта камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен Жалал-Абаддагы тарапкерлери нааразылык акциясын баштап, облустук акимияттын имаратын ээлеп алышты. 2-июнда митингчилердин лидери Медербек Үсөнов камакка алынган соң Сузактын Барпы айылынан Бишкек-Ош жолун буушту. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган кан жол шаршемби күнү, Үсөнов боштондукка чыккан соң ачылды. Бирок камактагы депутаттардын тарапкерлери бүгүнкү соттук жараянда депутаттар бошотулбаса, жол кайрадан тосулат деп эскертишүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG