“Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаты Камчыбек Ташиев бүгүнкү сот процессте бул иштин саясий өңүтү бар деп дагы бир жолу билдирди. Муну өткөн айда үч эле жолу сот болгону менен негиздеди. Абакта жатканына карабай айрым маалымат каражаттар аны Жалал-Абад жана Жети-Өгүздөгү окуялардын уюштуруучусу катары көрсөтүп жатканына нааразы болду. Буга байланыштуу Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчисин сот процесске чакырууну талап кылды.
Бүгүн соттук жараянга жабырлануучулар катышууда. Алар: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгынын жетекчиси Замир Сабаев менен аталган кызматтын 3-октябрда митинг маалында Ак үйдү кайтарган кызматкерлери. (EBM)