Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Казак-кыргыз чек арасы: балдар менен өтүү шарттары татаалдады


Бул тууралуу Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын жетекчиси Елена Калашникова 7-июнда өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр Кыргызстан менен Казакстан 16 жашка чейин балдар чек арадан туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен эмес, чет өлкөгө чыкчу паспорт же атайын маалымдама менен өтө алат деген макулдашууга кол койгон. Бирок бул келишим күчүнө кире электе эле эрежелер 1-июндан тарта колдонула баштады. Калашникова мындан улам Ысык-Көлгө келген казак туристтердин саны 70 пайызга азайышы ыктымалдыгын айтууда.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин статс-катчысы Асеин Исаевдин билдиришинче, мындай келишим адам сатууга каршы киргизилген. Бирок тараптар аны колдонуу тууралуу толук макулдашып бүтө электе эле расмий Астана 1-июндан тарта киргизди. Учурда кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG