Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Ош: депутаттар мыйзам долбоор боюнча президентке кайрылды


Ош шаардык кеңештин депутаттары “Ош шаарынын макамы” тууралуу мыйзам долбоору боюнча доомат айтып, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду. Анда аталган кеңеш, мэриянын өкүлдөрү долбоорду талкуулоого активдүү катышканы, бир топ сунуштарды бергени айтылат. Долбоордун демилгечилери - бул сунуштар экинчи окууда каралат деп убада бергени менен азыр талкууга коюлган документ биринчи варианттан бир топ эле айырмаланары белгиленген. Ушундан улам шаардык депутаттар мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин күн тартибинен алдыртып, Ош шаарындагы коомчулук менен бирге кайра талкууга коюу маселесин карап көрүүнү президенттен өтүнүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG