Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Ооганстандагы талиптер барымтадан бошоткон кыргыз жараны эртең мекенине келет


Нургазы Конушбеков
Нургазы Конушбеков
Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты. Мындан бир аз мурдараак Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитети Нургазы Конушбеков бул комитет менен Талибандын ортосунда жүргөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде 9–июнда бошотулганын билдирген.

Бүгүн Талибандын расмий өкүлү Забиулла Мужахид билдиргендей, тогуз адам менен кошо апрелде барымтага алынган кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбеков кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен бошотулган.

47 жаштагы Н.Конушбеков менен кошо тогуз чет өлкөлүк жаран 22-апрелде Ми-8 тик учагын Ооганстандын чыгышындагы Логар провинциясында авариялык кондурууга аргасыз болушканда талибдер тарабынан барымтага алынган.

Талибан барымтада кармагандардын ичинде сегиз түрк, бир орус улутундагы адам жана бир ооган котормочу болгон. Түрктөрдү талибдер өткөн айда бошоткон. Орус жараны менен ооган котормочу дале барымтада калууда. Мужахиддин айтымында, азыр алар бул кишилердин чалгын кызматтары менен байланышы бар-жоктугун иликтеп жатышат. (td)

XS
SM
MD
LG