Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Парламентте КТРК жетекчиси "кетсин" дегендер болду


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана Байкоочу кеңештин айрым мүчөлөрү КТРК жетекчиси Кубат Оторбаев өз каалоосу менен кызматтан кетиши керек деп айтышты. Байкоочу кеңештин мүчөсү Мыктыбек Арстанбек КТРК системалуу түрдө өзгөрүү зарылдыгын, студияны оңдоп, жаңы камера сатып алгандан берүүлөрдүн мазмуну өзгөрбөй турганын белгиледи.

“Оторбаев кетмейинче КТРК оңолбойт. Азырга чейин сетка түзүлө элек. Жамаат деградацияда, чоңдордон келген каттар менен иш болот. Болбосо Байкоочу кеңештен мен кетем,” – деди Арстанбек. Мындан сырткары айрым маалымат каражаттарына караганда КТРК артта калып жатканы, көп нерселерге жетекчинин кош көңүл караганы айтылды. Кезегинде Кубат Оторбаев иш болгон жерде кемчиликтер кете турганын, аларды эске аларын белгиледи.

Буга чейин Байкоочу кеңеш өз отурумунда КТРКнын 2012-жыл үчүн баяндамасын канааттандырарлык эмес деп тапкан. Башкы директор Кубат Оторбаев мурдараак Байкоочу кеңеш саясий органга айланып баратат деп билдирген болчу.

Бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңеши өткөн жылдагы ишмердүүлүк боюнча Жогорку Кеңеште отчет берүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG